Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КУВЕЙТТИН УЛУТТУК АССАМБЛЕЯСЫНЫН СПИКЕРИ МАРЗУК АЛИ АЛЬ-ГАНЕМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КУВЕЙТТИН УЛУТТУК АССАМБЛЕЯСЫНЫН СПИКЕРИ МАРЗУК АЛИ АЛЬ-ГАНЕМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 703 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери ачык-айкын талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн Тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абдан маанилүүлүгүн белгилеп, Кувейттин жетекчилигине Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Стратегиялык инфратүзүм долбоорлорун ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун ишмердиги жана «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил»фонддорунун кайрымдуулук ишмердигине оң баа берип, Кувейт тараптын жардамы менен Баткен облусундагы 106 жана Кемин районундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Социалдык шаарчанын ачылышын канааттануу менен белгиледи. Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем Мамлекет башчыга жолугушуу үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.

Марзук Али Аль-Ганем эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү диалогун канааттануу менен белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга, социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даярдыгын дагы ачык билдирди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17