Аймак

ЖАПОНИЯНЫН ЖАҢЫ ЭЛЧИСИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ  ДИПЛОМАТИЯЛЫК ВАЗИЙПАСЫ БАШТАЛДЫ

ЖАПОНИЯНЫН ЖАҢЫ ЭЛЧИСИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ  ДИПЛОМАТИЯЛЫК ВАЗИЙПАСЫ БАШТАЛДЫ

 690 Бардыгы /

БИШКЕК. Жапониянын Кыргыз Республикасындагы кайрадан дайындалган Элчиси Сигэки Маэда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн тапшырды.

Кыргыз министри Сигэки Маэданы Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады жана анын дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди гана каалады. Туруктуу достук колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн Жапон тарабына терең       ыраазычылыгын билдирди.

Соңунда тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү боюнча  чараларды талкуулашты. Жапон инвестицияларын Кыргызстанга тартуу маселелери боюнча дагы пикир алмашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17