Аймак

БАТКЕНДЕ 106 ҮЙ-БҮЛӨ КАЙТАРЫМСЫЗ ТУРАК ЖАЙ МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛДИ

БАТКЕНДЕ 106 ҮЙ-БҮЛӨ КАЙТАРЫМСЫЗ ТУРАК ЖАЙ МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛДИ

 703 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Кыска аралыкта курулушу аяктаган шаарчанын ачылышына аны каржылаган Кувейт мамлекетинен келген коноктор, Эмгек жана Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов жана жергиликтүү  жетекчилер, шаар тургундары жана турак жай алуучулар  катышышты.

Баткен шаарындагы бул Социалдык шаарча 25 турак үйдөн, 4 батирден турат. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмеректер менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит дагы салынган.Ошондой эле таза суу түйүнү тартылып, ар бир үй таза суу менен камсыздалды.

Баса, аталган бул чоң обьект багуучусу жок, турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17