Аймак

КАЗАК ӨКМӨТҮ ДАРЕКТҮҮ СОЦИАЛДЫК ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МЕХАНИЗМДЕРИН СУНУШТАДЫ

КАЗАК ӨКМӨТҮ ДАРЕКТҮҮ СОЦИАЛДЫК ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МЕХАНИЗМДЕРИН СУНУШТАДЫ

 763 Бардыгы /

Казакстан өкмөтү 2020-жылдан тарта көп балалуу үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пулдун суммасын көбөйтүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү механимдерин өзгөртөт.

Бул тууралуу 7-октябрда эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди.

Министрлик иштеп чыккан долбоорго ылайык, өкмөт аз камсыз үй-бүлө мүчөлөрүн жумуш менен камсыздап, жеңилдетилген насыя жана бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз гранттарды сунуштайт. Эгер үй-бүлөнүн жумушка жарамдуу мүчөсү бул сунуштардан баш тартса, аларга даректүү социалдык жардам берүү токтотулат.

Казак өкмөтү кирешесине карабай, төрттөн көп баласы бар үй-бүлөлөр үчүн кепилдендирилген социалдык пакет киргизүүнү пландоодо. 2020-жылдын 1-январынан тарта балдары 18 жашка толо элек көп балалуу үй-бүлөлөргө 42 миңден 72 миңге чейин (109-187 доллар) жөлөк пул берилет.

– Мектеп жашына чейинкилер үчүн балдар тамак-ашы, гигиеналык каражаттар берилип, билим берүү кызматтары көрсөтүлөт. Мектеп жашындагы балдар ысык тамак-аш, мектеп формалары жана окуу курал-жарактары, жол кире жана медициналык тейлөө менен камсыз болот, – деди Нурымбетов.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын тогуз айына карата 400дөн ашуун үй-бүлөгө же 2,1 миллион кишиге даректүү социалдык жардам берилген. Алардын жармынан көбү – көп балалуу үй-бүлөлөр. Бул арада мамлекеттен мыйзамсыз түрдө жардам алып жүргөн 70 миң үй-бүлө аныкталган.

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17