Аймак

ЭМИ ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨЗГӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАНДАРДЫН САНЫ КЕСКИН ӨСҮШҮ МҮМКҮН

ЭМИ ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨЗГӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАНДАРДЫН САНЫ КЕСКИН ӨСҮШҮ МҮМКҮН

 1,083 Бардыгы /

Буга чейин түштүк регионунда болбогон, баасы миллиондорду чапчыган заманбап медициналык аппараттар келди. Мындан улам дарыгерлердин иши жеңилдеп көбүрөөк операция жасоого жетишип жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад областык клиникалык ооруканансынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеров билдирди.

Учурда Жалал-Абад областтында Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан көз ооруларын азайтуу аракеттери боюнча атайын долбоор ишке ашып жатат. Анын алкагында аталган коомдун демөөрчүлүгүндө Жалал-Абадда областык ооруканага жана Аксы районундагы, Кара-Көл шаарындагы ооруканаларга жалпы баасы 6 миллион сомдон ашык 4 медициналык аппарат сатып алынган.  Алар: микрохирургиялык микроскоп, шеловая лампа, без контрольный тонометр жана кераторефрактометр. Бул эң керектүү болгон аппараттардын жоктугунан бейтаптар жеке менчик клиникаларга кайрылууга аргасыз болуп келишкен. Мисалга кераторефрактометр аппараты көздүн минус же пюлсун секундда так аныктап коёт. Мындай аппарат жоктугунан дарыгерлер көзгө дары-дармектер менен көзөмөл жүргүзүп аныкташчу, ага бир жумадай убакыт талап кылынчу.

А.Кочеров кошумчалагандай былтыркы жылы Жалал-Абад областык биргелешкен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүндө 9 айда 200 адамга операция жасалган. Үстүбуздөгү жылдын май айында жаңы аппарат алышкан жана жыл башынан берки операциянын саны 241ге жетти. Эми дарыгерлер жаңы аппараттар менен операциялардын саны арбып, көз оору менен жабыркап жүргөндөр азаят деп болжолдошууда.

Ошондой эле, Улуттук Кызыл Ай коомунун долбоору 2021-жылга чейин уланат. Жалал-Абаддагы көз дарыгерлери долбоор алкагында дагы көз ооруларын айыктырууда эң керектүү болгон бир нече аппараттарды алдырууну көздөп турушат. Антпесе алардын ар биринин баасы миллион сомдон ашык болгондуктан саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чечилиши кыйын.

Роза Акматжан кызы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17