Аймак

ТОКАЕВ ЖАРАНДАРДЫН МААЛЫМАТТАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮДӨ КЫТАЙДЫН ТАЖРЫЙБАСЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

ТОКАЕВ ЖАРАНДАРДЫН МААЛЫМАТТАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮДӨ КЫТАЙДЫН ТАЖРЫЙБАСЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

 647 Бардыгы /

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарын өнүктүрүүгө арналган жыйында өлкө жарандардын жеке маалыматтарын санариптештирүүдө Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрүшү керектигин билдирди.

— Кытайдын Hikvision компаниясынын техникасы кыйла алдыга озуп кеткен. Алар негизги шаарларды санариптештиришти. Экранды бассаң эле жаран тууралуу бардык маалыматтар чыгып калат. Институтту качан бүткөнү, бош убактысында кайда барары, кандай насыялары бар экендиги сыяктуу бардык маалыматтарды алса болот, — деди Токаев.

Сентябрда Кытайга жасаган сапары маалында Токаев башкы кеңсесинде болгон Hikvision компаниясы АКШнын Соода министрлигинин кара тизмесине киргизилген.

Министрлик Hikvision санкция киргизилген башка компаниялар менен катар репрессия жана жапырт түрдө мыйзамсыз кармоо кампаниясы учурунда адам укуктарын бузуп, аз улут өкүлдөрү үчүн электрондук байкоо системаларын колдонгон деп эсептейт.

Быйыл июлда америкалык Wall Street Journal гезити Бээжин кытай компаниясынын Нур-Султандын коопсуздук тармагында иштөөсү үчүн аракет кылып жатканын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17