Аймак

АК ҮЙ ТРАМПТЫН ИМПИЧМЕНТИ БОЮНЧА КОНГРЕСС МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДАН БАШ ТАРТТЫ

АК ҮЙ ТРАМПТЫН ИМПИЧМЕНТИ БОЮНЧА КОНГРЕСС МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДАН БАШ ТАРТТЫ

 747 Бардыгы /

Ак үй Трампка каршы импичмент жарыялоо боюнча Конгресстеги демократтар менен кызматташуудан баш тартты. Президенттик администрациянын юристи Өкүлдөр палатасына жолдогон катында Ак үй бир жактуу жана Конституцияга туура келбеген иликтөөгө катыша албай турганын жазган.

Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришэм 2016-жылдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу аракети менен демократтар жарандык эркиндик жана бийлик бөлүштүрүү принциптерин бузуп жатканын белгилеген.

– Президент жаман иш жасаган жок, муну демократтар билет, – деген Гришэм.

Андан мурдараак Мамлекеттик департамент Кошмо Штаттардын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондландга Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында «Трамп жеке саясий кызыкчылыкты көздөгөнбү же жокпу?» деген суроонун тегерегинде көрсөтмө берүүгө тыюу салган. Сондланд бул үчүн атайын Вашингтонго келген.

Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси Ак үйдүн импичмент жараяны боюнча кызматташуудан баш тартканы үчүн президент Дональд Трамп жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Ал президенттин кызмат абалын кыянат пайдаланышын америка элинен жашыруу – сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу катары эсептелерин эскерткен.

Өткөн айда Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу АКШда саясий жаңжал чыккан. Анда Трамп украин лидерин башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулунун Украинадагы иштерине байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө ынандырууга аракет кылганы белгилүү болгон. Ушундан улам демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы аны «ыйгарым укуктарынан аша чапты» деп күнөөлөп, импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17