Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ДИНЧИЛДЕР МЕНЕН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

ӨЗБЕКСТАНДА ДИНЧИЛДЕР МЕНЕН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

 710 Бардыгы /

Өзбекстандын Фергана, Наманган жана Анжиян облустарында укук коргоо органдары, маале комитеттери жана мектеп мугалимдери «Диний чөйрөнү чыңдоо» деген темада чогулуштарды өткөрүп жатышат.

4-октябрда окурмандар Анжиян облусундагы чогулуштардын биринде жаздырып алынган аудиону «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөтүшкөн. Ага «атайын тизмеге киргизилген, сакал өстүргөн жана туруктуу негизде мечиттерге барып жүргөн» 18-19 жаштагы балдар катышкан.

Аудиожазууда өзүн райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү катары тааныштырган адам балдарды сакал өстүрбөөгө чакырган:

— Эгер баары эле сакал коюп жүрүп калса, чарбалык жана мамлекеттик иштер менен ким алектенет? Сакалды 60 жаштан өткөн улгайган адамдар гана өстүрө алышат. Биз түрк же араб эмеспиз, биз өзбекпиз. Келгиле, ата-бабалардан калган каада-салттарды карманалы. Аллах силердин жүрөгүңөрдө болуп, колуңар иш менен алек болсун.

Күбөлөрдүн айтымында, бир саатка созулган түшүндүрүү иштеринен кийин чогулушка катышкан балдар сакалдарын алышкан.

Ал ортодо райондук акимчиликтин өкүлү аймакта конвервативдик жана радикал көз караштагы динге ишенген адамдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр улантылып жатканын билдирди.

Буга чейин өз булактар Наманган облусунда аялдар комитетинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, жергиликтүү жашоочуларды мусулман кийимдерин кийбөөгө жана сакал өстүрбөөгө чакырып жүрүшкөнүнкабарлашкан.

Сентябрда Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев кол алдындагы кызматкерлерди сакал койгон жана хижаб кийген жарандарга каршы өнөктүк баштоо буйругун берген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17