Аймак

ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КОРГОО КОМИТЕТИ ӨЗБЕК БИЙЛИГИН БЛОГЕРДИ БОШОТУУГА ҮНДӨДҮ

ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КОРГОО КОМИТЕТИ ӨЗБЕК БИЙЛИГИН БЛОГЕРДИ БОШОТУУГА ҮНДӨДҮ

 618 Бардыгы /

Журналисттерди коргоо комитети Өзбекстандын жетекчилигин психиатриялык клиникага жайгаштырылган блогерди бошотууга үндөдү.

Айрым кабарларга караганда, 30-сентябрда Хорезм облусунун соту Нафосат Оллашукурованы ооруканага жаткыруу жөнүндө чечим чыгарган. Ал арада блогер 10 күндүк административдик жазасын өтөп жаткан.

Өзбек бийлиги «бардык журналисттерге маалыматты эркин таратууга жол бериши керек», деди 8-октябрдагы билдирүүдө уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Комитеттин маалыматы боюнча Оллашукурова паракорлук, турак жайды мыйзамсыз сүрдүрүү өңдүү терс көрүнүштөр тууралуу блогдорду жазып келген. Анын «Фейсбуктагы» баракчасына 4 миңден көп киши жазылган.

23-сентябрда Үргөнч шаарынын административдик соту блогерди «бейбаштык кылган» жана «уруксат берилбеген акцияга катышкан» деп 10 күнгө кескен.

Апасы кызы камакка алынгандан бери аны менен жолугуша албай жатканын айтууда.

Блогер хорезмдик акын, журналист Махмуд Ражабдын Ташкентке жөө жүрүшүн «Фейсбукта» чагылдырып жүргөн. Акын Хорезм облусундагы мыйзам бузуу тууралуу арызданып баш калаага аттанган. Бирок 50 чакырым басып өткөндөн кийин милиция жашы жете элек балдар менен кошо кармап кеткен. Блогер Оллашукурованын жакындары административдик камакка алууну жана диспансерге жайгаштырууну мыйзамсыз аракет деп эсептешет. Мыйзам 3 жашка чыга элек балдары бар энелерди административдик камакка алууга жол бербейт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17