Аймак

ХУДЖАНД ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН ТУРИСТТИК БИЗНЕС-ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ХУДЖАНД ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН ТУРИСТТИК БИЗНЕС-ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

 832 Бардыгы /

ХУДЖАНД. Тажикстандын Худжанд шаарында Кыргызстандын  Тажикстандагы Элчилигинин колдоосу аркасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы туризмди өнүктүрүү Комитетинин Төрагалагында биринчи жолу Кыргызстандын жана Тажикстандын Туристтик Бизнес-форуму өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Кыргызстандан – Кыргызстандын курортор Ассоциациясы, Кыргыз Туроператорлор Ассоциациясы (КАТО), Кыргызстан Туризм Ассоциациясы, коомчулуктардан негизделген Кыргыз Ассоциациясы (КАТОС), «Kyrgyz Pamir tours», «Шанхай Сити», «Дестинация Ош», «Экодом», «Санрайс», жана Тажикстандан ООО «Олами саехат», ООО «Бозори вору», ООО «Сайри бустон», ТАТО, Лахш, Истаравшан, Мургаб райондорунун, Согди облусунун жана Душанбе шаарынын компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар туристтик чөйрөнү тейлеген мамлекеттик органдардын жана туристтик компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелерин талкуулашты жана карап чыгышты. Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар болуп өттү. “В2В” форматында сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргызстан менен Тажикстандын компанияларынын ортосунда 15 макулдашуу жана меморандумдарга кол коюлду.

Баса, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын кезектеги туристтик Бизнес-форумун өткөрүү, туризм тармагында кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Келишим долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча макулдашууларга жетишилген. Туристтик Бизнес Форумдун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протокол дагы кабыл алынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17