Аймак

ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ АШХАБАДГА БАРАТ

ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ АШХАБАДГА БАРАТ

 822 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 10-11-октябрда Ашхабадда өтө турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) уюмунун Өлкө башчыларынын кеңешине катышат.

Өзбек президентинин маалымат кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Шериктештиктин алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган маселелер талкууланат. Мындан тышкары мамлекет башчылар эл аралык проблемалар боюнча пикир алмашышат.

Саммитин жыйынтыгы менен бир катар документтер кабыл алынат. Алардын арасында КМШ төрагалыгын 2020-жылы Өзбекстанга өткөрүп берүү чечими, Стратегиялык экономикалык кызматташтык жөнүндө декларация, КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата дүйнө коомчулугуна кайрылуусу, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы бар.

КМШ саммитинин алкагында Өзбекстан президенти Ашхабадда бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17