Аймак

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗДАР КҮНҮ

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗДАР КҮНҮ

 3,543 Бардыгы /

Бүгүн, 11-октябрда Жалал-Абадда Эл аралык кыздар күнү белгиленди.

Аталган иш-чарада кыздарга арналып оюн-зоок, ырлар жана сынактар даярдалып, белектер ыйгарылды.

Бул иш-чара кыздарды коргоо жана колдоо максатында уюштурулганын жаштар комитетинин төрагасы Куштарбек Кимсанов белгилеп өттү.

Бүгүн, 11-октябрь “Жаштарга жана балдарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун негизинде кыздардын эл аралык майрамын өткөрүп жатабыз. Бул иш-чара кыздарга көрсөтүлгөн зомбулуктун, ала качуунун алдын алып, аларды коргоо максатында уюштурулду”,- дейт К.Кимсанов.

Кыздардын эл аралык күнүн белгилөөнү Жалал-Абад жаштар комитети жана Улуттук Кызыл Ай коому демилгелеп, уюштурушкан.

Аталган майрам 2012-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан негизделген. Анын негизги максаты – кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат. Мисал катары айтканда, кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу жана башка маселелердин алдын алууга багытталат.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17