Аймак

БАРПЫ АКЫНДЫН 135 ЖЫЛДЫГЫНА КИМ КАНЧА КАРАЖАТ БӨЛДҮ?

БАРПЫ АКЫНДЫН 135 ЖЫЛДЫГЫНА КИМ КАНЧА КАРАЖАТ БӨЛДҮ?

 2,548 Бардыгы /

Сузак районуна караштуу Барпы айылында атактуу ойчул акын Барпы Алыкуловдун 135 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага областтын жана райондун жетекчилеринин орун басарлары катышты. Элге той берилип, дасторкон жайылды. Жергиликтүү ырчы-чоорчулардын коштоосунда концерттик программа тартууланды. Ошондой эле күрөш боюнча спорттук мелдеши уюштурулду.

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан 100 миң сом акча каражатын атайын күрөш үчүн бөлүп берген. Ошондой эле, Сузак районунун акими да резервдик фондунан 100 миң сом каражатты иш-чара өткөрүүгө деп, айыл өкмөттүн эсебенине которгондугун айтты акимдин орун басары Төрөгелди Туркбаев.

Ошондой эле, иш-чарага жеке ишкер Камчыбек Ташиев катышып, 135 жылдыкка айыл аймагындагы жолдорду асфальттап салым кошкондугун билдирди.

Ал эми Бишкек шаарында түзүлгөн Сузак атуулдарынын коомдук бирикмеси да чоң колдоо көрсөткөндүгүн уюштуруучулар белгилеп айтып жатышты. Бул коомдо Сузак районунан чыккан чыгаан ишкерлер жана чиновниктер бар.

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17