Аймак

К. ТАШИЕВ: “БАРПЫЛЫК ЖАШ БАЛДАРДАН БАРПЫ КИМ ДЕП СУРАСАМ, БИЛИШПЕЙТ ЭКЕН”

К. ТАШИЕВ: “БАРПЫЛЫК ЖАШ БАЛДАРДАН БАРПЫ КИМ ДЕП СУРАСАМ, БИЛИШПЕЙТ ЭКЕН”

 1,450 Бардыгы /

Ал өз сөзүндө ойчул акындын 135 жылдыгына карата 3 миллион сомдук салым коштум деп билдирди.

Коомдук ишмер, экс-депутат Камчыбек Ташиев кечээ, 10-октябрь күнү Сузак районунда Барпы Алыкуловдун 135 жылдыгын белгилөө иш-чарасына катышты. Расмий бөлүктүн ачылуу аземинде сүйлөп жатып, Барпы Алыкуловду жаш муундар билбей калгандыгы тууралуу кеп козгоду.

-Биз Барпы айылында туулуп, ошол жерде жашаган элбиз. Айылыбыз Барпы Алыкуловдун атын алып жүргөнүнө сыймыктанышыбыз керек. Азыр бул жакта ойноп жүргөн жаш өспүрүдөрдү токтотуп, Барпы ким болгон? – деп сурадым. Бирөөсү адам болгон дейт, бир жаш бала баатыр болгон дейт. Жаш муундар Барпы Алыкуловдун ким болгонун билишпейт экен. Балдарыбызга айтып үйрөтөлү, – деди ал.

Ошондой эле К. Ташиев өз сөзүндө аталган иш-чарага айылдын жолдорун, бир канча көчөлөрүн асфальттоо менен салым кошконун билдирди.

Эске сала кетсек, экс-депутат Камчыбек Ташиев атактуу Барпы Алыкуловдун жердеши, Сузак районунун Барпы айыл аймагында туулуп-өскөн.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17