Аймак

ӨЗБЕКСТАН ИРАКТАН 64 БАЛАНЫ АЛЫП КЕЛДИ

ӨЗБЕКСТАН ИРАКТАН 64 БАЛАНЫ АЛЫП КЕЛДИ

 755 Бардыгы /

11-октябрь күнү эртең менен Ташкентке Ирактан 64 өзбек баланы алып келген учак конду. Бул тууралуу Өзбекстандын АКШдагы элчиси Явлон Вахапов билдирди.

«39 бала, 25 кыз келди. Алардын 14тү үчкө чыга элек, дагы эки ымыркай бар», — деп жазды элчи «Твиттер» баракчасына.

Вахаповдун айтымында, балдарды алып келүү операциясын өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жеке өзү көзөмөлдөгөн.

Бул балдардын көбүнүн ата-энеси «Ислам мамлекети» өңдүү радикал топтордун катарына кошулуу үчүн Ирак менен Сирияга кетишкен. Террорчу топтор кыйроого учурагандан кийин алар өлтүрүлүп, туткунга түшүп же абактар менен лагерлерге жөнөтүлгөн.

Быйыл май айында Өзбекстан ушундай эле гуманитардык операциянын алкагында Жакынкы Чыгыштан 156 жаранын алып келген. «Адашып өлкөдөн чыгып кетип, башынан оор күндөрдү өткөргөн бул жарандарыбызга өкмөт тарабынан медициналык, психологиялык, материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлөт», — деп жазылган анда президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Жакынкы Чыгыштын согуш болуп жаткан өлкөлөрүнөн өз жарандарын кайтаруу операцияларын КазакстанКыргызстан, Тажикстан, Грузия жана башка мурдагы СССР өлкөлөрү дагы жүргүзүп жатышат. Бирок мекенине кайткандарга карата мамиле ар бир өлкөдө ар башка. Алсак, Тажикстанда алып келинген балдар бир нече айдан бери туугандарына кайтарылып бериле элек. Алар психологдордун көзөмөлүндө атайын санаторийлерде кармалып турушат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17