Аймак

ТАЖИКСТАНДА АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУДА КҮЧ КОЛДОНУЛУУДА

ТАЖИКСТАНДА АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУДА КҮЧ КОЛДОНУЛУУДА

 821 Бардыгы /

Тажикстанда 1-сентябрдан 31-октябрга чейин жаш жигиттерди көчөдөн, үйдөн, коомдук транспорттордон кармап, армияга алып кеткен учурлар кездешет. Бул тууралуу жоокерлердин туугандарына билдирүү жөнөтүлбөйт.

Тажикстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү эки жыл.

Майфура Рыскулованын уулу Холмухаммед Мирзоевди 7-октябрда түз эле үйүнөн армияга алып кетишкен. Буга чейин аскерге чакыруу кагазы келген эмес. Чиновниктер жана милиция кызматкерлери 22 жаштагы жигитти кармоо учурунда анын апасына күч колдонушкан: – Бирөө бир колумду, дагы бири экинчи колумду кармап, түртүп жиберишти. Келиним кыйкырып, менин кан басымым жогору экенин, ооруканага жеткирүү керектигин айтты. Бирок алар автоунааларына түшүп, кетип калышты, – деди Майфура Рыскулова.

Сангимо Хусейнованын небереси Мухаммед болсо мыйзам боюнча армияда кызмат өтөбөшү керек болчу. Ал жетим жана чоң энесин багат. Бирок ага карабай, Мухаммедди курулушта иштеп жүргөн жеринен аскерге алып кетишкен. – Ошол эле күнү көз жашымды төгүп, аскер комиссариатына бардым. Эшиктерин кактым. Анан аны армияга чакырууга болбойт деген документтерди көрсөттүм. Неберемди көрүүгө да мүмкүнчүлүк беришкен жок,– деди Сангимо Хусейнова.

Тажикстанда аскерге күч менен алып кетүү мыйзамсыз. Жоокердик милдетин өтөөдөн качкандар болсо армияга зордоп жөнөтүлбөйт, соттолот. Тажикстан Коргоо министрлиги болсо аскерге чакыруу ишин көзөмөлдөбөй турганын, муну атайын комиссия жүзөгө ашырарын билдирүүдө.

Чакыруу комиссиясынын төрагасы адатта шаардын же облустун башчысы, анын орун басары аскер комиссары болот.

Тажикстанда көп жылдан бери аскерге чакыруу мөөнөтүнөн мурда аяктайт. Формалдуу түрдө бул кампания 31-октябрда жыйынтыкталышы керек. Бирок айрым аскер комиссариаттары, маселен, Тоолуу-Бадахшан облусу аскерге чакыруу аяктаганы тууралуу эбак эле отчет берген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17