Аймак

АКСЫДА АЛМАНЫН САПАТЫ ЖАКШЫРАТ

АКСЫДА АЛМАНЫН САПАТЫ ЖАКШЫРАТ

 1,577 Бардыгы /

Учурда Аксы районунда 1341 гектар жерде мөмө-жемиш багы бар. Ал эми алманын сапаты, сорттуулугу кандай? Аксыда өткөн семинарда мына ушул маселе талкууланды. 

Кербен шаарындагы багбан Ырысалы Момуновдун бак чарбасында алманын сапатын жакшыртуу боюнча практикалык семинар өттү. Багбандын 40 сотых жерде алма багы бар. Ал эки-үч жылдан бери 3 тоннага чейин алма сатып, киреше таап келет. Мында келгендер семинардан көп нерсени үйрөнгөнүн белгилешти. Учурда багбандар алманы бир түрдүү жакшы сортко алып келүүнүн аракетин көрүп жатышат. Анткени жакшы алма мол болсо аны экспортко чыгарууга шарт жаралат.

Семинарда алманы кайсы убакта бутап, кандайча азыктандыруу жана алынган түшүмдү сактоо тууралуу да кеңири сөз болду. Бул жагынан белгилүү багбан Жаныш Курбановдун тажрыйбасы мында келгендери кайдыгер калтырган жок.  Өткөн жылы райондун багбандары 10 миң тонна сорттуу алмаларды жыйнап, жыл  ичинде сатууга жетишкен. Быйылкы жылда алманын түшүмү жаман эмес. Учурда алманын аянты жылдан жылга өсүп келет. Аксылыктар 508  гектар  алманын түшүмүн жыйнап жаткан кези. Жылдан жылга кайналы менен алманын сортторун жакшыртууга чоң аракеттер  көрүлүп  жатат. Семинардын максаты келечекте “бир район, бир түшүм” долбоорун ишке ашыруу менен калкк сапаттуу, экологиялык таза азык түлүк берүү. Андыктан багбандардын  алдыда  аткаруучу иштери  арбын.

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17