Аймак

АРАБ ШЕЙХТЕРИ КАЗАК КОРУКТАРЫНДА ТООДАКТАРГА АҢЧЫЛЫК КЫЛУУГА УРУКСАТ АЛЫШТЫ

АРАБ ШЕЙХТЕРИ КАЗАК КОРУКТАРЫНДА ТООДАКТАРГА АҢЧЫЛЫК КЫЛУУГА УРУКСАТ АЛЫШТЫ

 1,125 Бардыгы /

Казак бийлиги Бириккен Араб Эмиратынын төрт шейхине 2019-жылдын октябрь-ноябрь айларында ителги менен Казакстандагы коруктарда тоодак алууга уруксат берди.

Токтомго Казакстан премьер-министри Аскар Мамин кол койду.

Документке ылайык, шейх Халиф Бин Заед Аль Нахаян Түркстан облусунун Арыс жана Карактау коркуктарында 43 тоодак, Жамбыл, Кызылордо, Түркстан облустарынын Түштүк-Казакстан коругунда 90 тоодак кармоого уруксат алды.

Эмираттын дагы эки шейхи Мангистау облусунун Кендирли-Каясан коругунда ар бири 43 тоодак үчүн ууга чыгат. Катардык төртүнчү шейх Жамбыл жана Алматы облустарында ителги менен жалпы жонунан 57 тоодак алат.

Жергиликтүү бийлик аң уулоону уюштурууга, Казакстанга ителгилерди алып кирүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилди.

Ар бир тоодак үчүн шейхтер Казакстан бюджетине 1700 доллар төлөйт.

Тоодак жоголуп кетүү коркунучундагы, сейрек кездешүүчү канаттуу катары Казакстанда Кызыл китепке киргизилген. Ага карабай, казак бийлиги көп жылдан бери аң уулоо үчүн шейхтерге уруксат берип келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17