Аймак

СУЗАКТА ЖЫЛ МУГАЛИМИ ТҮРКИЯДА ЭС АЛЫП КЕЛДИ

СУЗАКТА ЖЫЛ МУГАЛИМИ ТҮРКИЯДА  ЭС АЛЫП КЕЛДИ

 1,649 Бардыгы /

“Жыл мугалими – 2019” сынагынын жеңүүчүсүнө Туркиянын Анталияда шаарына эс алууга бир жумалык жолдомо ыйгарылды. Бул тууралуу аталган сынактын жеңүүчүсү Айгүл Жусупова билдирди.

Үстүбүздөгү жылы Сузак районунда өткөн жыл мугалими сынагында баш байгеге Анталияга бир жумалык эс алуу жолдомосу коюлган. Мындай мотивациялык саамалыкты Сузак коому коомдук бирикмеси каржылаган.

№6 Токтосун Темирбаев мектебинин башталгыч класстардын мугалими жеңишке жетишкен.

“Мектепте он жылдан ашуун иштеп, райондук деңгээлдеги сынакта мындай стимул берилет деп күтпөдүм эле. Биринчи жолу чет өлкөгө чыктым, Түркияда эс алып келгеним, башка жаш мугалимдерге да шыктануу берди окшойт” -дейт Айгүл Жусупова.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17