Аймак

ВЛАДИМИР ПУТИН САУД АРАБИЯГА БАРДЫ

ВЛАДИМИР ПУТИН САУД АРАБИЯГА БАРДЫ

 1,004 Бардыгы /

Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү SPA агенттиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Сирия менен Йемендеги абалды, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Путин Сауд Арабияга 14-октябрда барды. Кремлдин маалыматына караганда, сапардын алкагында Путин мунай боюнча келишимге кол коюуга жана Орусияга инвестиция тартууга аракет кылат. Батыш ЖМКлары белгилегендей, Москва экономикалык санкциялардан улам ички дүң өнүмүн 3% көтөрүү дымагын ишке ашыра албай калган.

Эр-Риядга сапары алдында Путин Al Arabiya, Sky News Arabia жана RT Arabic телеканалдарына интервью берип, Саудиянын падышасы жана канзаадасы менен жакшы мамиледе экенин билдирген.

Путиндин Бириккен Араб Эмираттарына сапары 15-октябрга белгиленген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17