Аймак

АЛМАТЫДА ШИНЖАҢДАН КАЧЫП КЕЛГЕН ЭКИ КЫТАЙЛЫК КАЗАК КАРМАЛДЫ

АЛМАТЫДА ШИНЖАҢДАН КАЧЫП КЕЛГЕН ЭКИ КЫТАЙЛЫК КАЗАК КАРМАЛДЫ

 819 Бардыгы /

Алматыда Шинжаңдан качып келген эки казак — Кастер Мусахан менен Мурагер Алимулы башпаанек сурап Миграциялык полицияга кайрылгандан кийин кармалышты. Бул тууралуу Кытайдагы аз улут өкүлдөрүн коргоо менен алектенген «Ата журт ыктыярчылары» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжан Токтасынкызы билдирди.

Анын айтымында, Мусахан менен Алимулын өздөрүн Чек ара кызматынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырган үч киши алып кеткен.

— Алар Мусахан менен Алимулынын адвокаттары менен байланышуусуна мүмкүндүк беришкен жок. Кайсыл бир документтерге кол коюшу керектигин айтып, Чек ара кызматынын №2040 бөлүгүнө алып кетишти. Түштөн кийин алар Миграциялык кызматка кайра барышмак, — деди Токтасынкызы.

14-октябрь күнү эртең менен Кастер Мусахан менен Мурагер Алимулы Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун имаратында маалымат жыйын өткөрүп, кытай-казак чек арасынан кандай шартта өтүшкөнүн айтып беришкен.

30 жаштагы Мусахан менен 25 жаштагы Алимулынын Кытайда үй-бүлөсү калган. 1-октябрда алар Кытайдын мамлекеттик чек арасынан өтүп, беш суткага жакын эки өлкөнүн ортосундагы нейтралдуу аймакта жүрүшкөн. 6-октябрда Казакстандын чек арасынан өтүп келишкен.

Кастер Мусахан Кытайда төрт жыл сегиз ай лагерде кармалып тургандан кийин качып келгенин билдирди. Анын айтымында, лагерде ага кысым көрсөтүп, сабашкан. Мурагер Алимулы дагы Кытайда ага басым болуп, бир канча жолу сабалганын айтты. Алар экөө тең Казакстанда кандай гана жаза болбосун макул экенин, болгону кайра Кытайга өткөрүп бербөөнү өтүнүштү.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17