Аймак

ТАЖИКСТАНДА ОППОЗИЦИЯЧЫЛАРДЫН «УЛУТТУК АЛЬЯНСЫ» ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМ ДЕП ТАБЫЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА ОППОЗИЦИЯЧЫЛАРДЫН «УЛУТТУК АЛЬЯНСЫ» ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМ ДЕП ТАБЫЛДЫ

 771 Бардыгы /

Тажикстандын Жогорку соту чет өлкөдө бозгунда жүргөн тажик оппозиционерлери тарабынан түзүлгөн «Тажикстан улуттук альянсын» экстремисттик жана террордук уюм деп тапты.

Соттун чечимине ылайык, бирикменин расмий сайты жабылат жана аларга тиешелүү маалыматтык жана башка материалдарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат.

2018-жылы түзүлгөн бул альянстын курамында төрт оппозициялык уюм бар – өлкөдө тыюу салынган Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы, «Эркин ой жүгүрткөндөрдүн Конгресси», «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» жана «Борбор Азия мигранттарынын конгресси».

«Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» кыймылынын башчысы Шарофиддин Гадоев «Азаттыктын» тажик кызматына берген комментарийинде Жогорку соттун чечимин «негизсиз» деп атап, тажик бийлиги анын саясатына нааразы болгондордун баарын экстремисттик топко кошуп жатканын сынга алды.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердигине 2015-жылы тыюу салынган жана соттун чечими менен террордук топ деп табылган. Партиянын бир катар лидерлери жана мүчөлөрү камакка алынып, соттолгон. Айрымдары чет өлкөгө баш калка издеп кетүүгө аргасыз болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17