Аймак

СИРИЯДАГЫ ӨЗБЕКСТАНДЫК АЯЛДАР АСАДДЫН АРМИЯСЫНЫН ТУТКУНУНА ТҮШҮҮДӨН КОРКУШУУДА

СИРИЯДАГЫ ӨЗБЕКСТАНДЫК АЯЛДАР АСАДДЫН АРМИЯСЫНЫН ТУТКУНУНА ТҮШҮҮДӨН КОРКУШУУДА

 1,248 Бардыгы /

Сириянын түндүк-чыгышындагы «Аль-Холь» жана «Родж» лагерлеринде кармалып турган өзбекстандык аялдар Башар Асаддын армиясына туткунга түшүүдөн коркушууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Бир нече аялдын билдиришинче, Түркиянын аскердик жортуулунан кийин күрддөр көзөмөлдөгөн лагерлерде коменданттык саат киргизилген.

– Учурда түрк куралдуу күчтөрүнүн бомбаларынын үнү угулуп жатат. Түрктөр эртерээк келип, лагерди басып алса экен деп күтүп жатабыз. Болбосо, күрддөр бизди Асаддын армиясына өткөрүп бериши мүмкүн. Ал жакта бизди жана балдарыбызды өлүм күтүп турат, – деди мурун ИМ тобунун катарында болгон өзбекстандык аял.

Түрк армиясы Сириянын түндүгүндөгү аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Операция “Тынчтык булагы” деп аталат. Анкара Сириянын түндүгүндөгү куралдуу күрд кошуундарына каршы күрөшүүдө.

Бейрасмий маалыматка караганда, учуруда «Аль-Холь» лагеринде өзбекстандык 50дөй аял жана 100дөн ашуун бала жашап жатат. «Родж» лагеринде болсо 30дан ашуун өзбекстандык аял жана 100дөй бала бар.

Алардын күйөөлөрү “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушуп, көбү эл аралык коалициянын антитеррордук операциясынан кийин туткунга алынган, айрымдары өз эрки менен күрддөрдүн колуна түшүп берген.

30-майда Өзбекстан Жакынкы Чыгыштан 156 жаранын кайтарып келген, алардын көбү аялдар менен балдар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17