Аймак

«РОСАТОМ»: ӨЗБЕКСТАНДА АЭС КУРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ОҢОЙ БОЛГОН ЖОК

«РОСАТОМ»: ӨЗБЕКСТАНДА АЭС КУРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ОҢОЙ БОЛГОН ЖОК

 820 Бардыгы /

 «Росатом» менен Өзбекстан өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү оңой болгон жок. Бул тууралуу 14-октябрда РИА Новости жана ТАСС агенттигине «Росатомдун» башчысы Алексей Лихачев билдирди.

«Сүйлөшүүлөр оңой эмес, себеби бааны аныктоо керек», – деген Лихачев.

Ал жыл соңуна чейин кандайдыр бир документке кол коюларын, учурда долбоорлоо иштери жана долбоорду аткаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

3-сентябрда Ташкентке келген Алексей Лихачев Өзбекстанда атомдук электростанцияны куруу 2020-жылга пландалганын айткан. Бирок ТАСС агенттиги курулуш 2022-жылы башталарын билдирди.

Учурда орусиялык «Aтомстройэкспорт» компаниясы АЭСтин курулушу үчүн Жизак облусундагы Тузкан көлүнүн жанында инженердик-иликтөө жумуштарынын экинчи айлампасын жүргүзүүдө.

2018-жылы 19-октябрда Өзбекстан менен Орусиянын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Владимир Путин атомдук электростанциянын курулушуна расмий түрдө старт беришкен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17