Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА САРЫК ООРУСУ КҮЧ АЛДЫ

ТҮРКМӨНСТАНДА САРЫК ООРУСУ КҮЧ АЛДЫ

 941 Бардыгы /

Түркмөнстанда август айынан бери эл арасында сарык оорусу күч алды. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, илдет Дашогуз, Лебап, Ахал облустарында жайылууда.

– Дашогуз облусунда гепатиттин А түрү менен өспүрүмдөр менен жаш балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында аз. Акыркы жолу мындай көрсөткүч үч жыл мурун катталган, – деди редакциянын кабарчысы.

Атын атагысы келбеген медицина кызматкеринин биринин айтымында, сарыктан өлгөндөр да бар. Бирок эпидемия тууралуу сөз кылууга бийлик тыюу салган.

Бул арада сарык оорусу катталган мектеп, бала бакчалар дезинфекцияланбай жатканы айтылууда. Окуучулар үчүн гепатиттин Б түрүнө каршы эмдөө эки жыл мурун жүргөн.

Медицина кызматкерлери эл арасында оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүнө кабатыр. Өлкө бийлиги жана мамллекеттик басылмалар бул боюнча үн ката элек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17