Аймак

ОИИБдин НАЧАЛЬНИГИНИН КУБОГУ КИМГЕ БУЙРУДУ?

ОИИБдин НАЧАЛЬНИГИНИН КУБОГУ КИМГЕ БУЙРУДУ?

 1,111 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 15-октябрда спорттун волейбол түрү боюнча Жалал-Абад ШРИИБдеринин ортосунда мелдеш өтүп, жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул спорттук мелдешке областтагы милиция бөлүмдөрүнүн жалпы 12 командасы катышып, биринчилик үчүн күч сынашкан. Беттештердин жадыбалы чучугулактын жыйынтыгы менен түзүлүп, 2 тайпада оюндар жүргүзүлдү. Мелдештин жүрүшүндө бардык командадан мыктылыгы менен айырмаланган Жалал-Абад ШИИБнин командасы 1-орунду камсыздаган. Жалпы жыйынтыкка ылайык, төмөндөгү командалар байгелүү орундарга жетишишкен: 1-орунду – Жалал-Абад ШИИБи, 2-орунду – “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы камсыздаган, 3-орунду – Атайын операциялык отряды (OСО) алса, ал эми 4-орун – Сузак РИИБине буйруган.

Кошумчалай кетсек, аталган иш-чара 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Сыйлыктарды тапшыруу аземи да 1-ноябрда өткөрүлмөкчү.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17