Аймак

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА 50 ЧАКТЫ ООР ЖҮК ТАШУУ УНААСЫ ТОКТОП ТУРАТ

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА 50 ЧАКТЫ ООР ЖҮК ТАШУУ УНААСЫ ТОКТОП ТУРАТ

 892 Бардыгы /

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуучу машина токтоп турат, абал туруктуу. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

– Азыркы саатка карата «Ак-Тилек» бекетинде 50 чакты оор жүк ташуучу автоунаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Кыргыз-тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз чек арачылары машинеде тыюу салынган каражат же зат жокпу, текшеришет.

Бөрүбаева кошумчалагандай, кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерде жөө жүргүнчүлөрдүн же автоунаалардын топтолгону байкалбайт.

Эки өлкө ортосундагы чек арада жалпы 12 өткөрмө пункту бар, азыркы учурда анын сегизи иштейт. Калгандары кайра ачуу тууралуу макулдашуулар аткарыла элек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17