Аймак

“ДООР ИНСАНЫ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ”

“ДООР ИНСАНЫ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ”

 1,217 Бардыгы /

Бүгүн, 17-октябрда Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) Кыргыз Республикасынын Баатыры, кинорежиссёр, жазуучу, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган “Доор инсаны Дооронбек Садырбаевдин ишмердүүлүгү” аталышындагы областтык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынан билдишти.

Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Дооронбек Садырбаев атындагы фонддун төрагасы К. Садырбаев, Ноокен районунун акими Э.С. Маматаев, бир катар жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар курамы, бир нече уюм-мекемелердин жана коомдордун өкүлдөрү чакырылган.

Конференцияда Дооронбек Садырбаевдин Кыргыз Республикасынын искусствосуна, маданиятына, адабиятына, коомчулугубуздун өнүгүүсүнө сиңирген эмгегине дагы бир ирет тийиштүү баа берилип, өрнөктүү өмүр баяны үлгү болгондугу баса белгиленди. Катышуучулардын жалпы пикири боюнча конференция ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы тарабынан жогорку деңгээлде уюшулуп, Дооронбек Садырбаевдин элесине зор урмат-сый көрсөтүлдү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17