Аймак

ТАЖИКСТАНДА АСКЕРДЕН КАЧКАН СТУДЕНТ ЭКИНЧИ КАБАТТАН СЕКИРИП КЕТТИ

ТАЖИКСТАНДА АСКЕРДЕН КАЧКАН СТУДЕНТ ЭКИНЧИ КАБАТТАН СЕКИРИП КЕТТИ

 703 Бардыгы /

Куляб педагогикалык колледжинин студенти күч менен аскерге алып кетүү үчүн келген шаардык аскер комиссариатынын кызматкерлеринен качып, окуу жайдын экинчи кабатынан секирип кеткен.

Жигиттин буту сынып, учурда ооруканада.

– Алар мени аскер комиссариатына алып келишип, текшерип бүткөн соң көчөгө чыгарып коюшту. Сынган бутум менен үйгө араң жеттим, эртеси ата-энем мени ооруканага алып келди, – деди Ахмаджони Амир.

Бирок колледждин жетекчилиги эч ким студентти кармабаганын, ал баарын ойдон чыгарганын билдирүүдө.

Буга чейин да Тажикстанда 1-сентябрдан 31-октябрга чейин жаш жигиттерди көчөдөн, үйдөн, коомдук транспорттордон кармап, армияга алып кеткен учурлар кездешип жатканы кабарланган.:00

Тажикстанда кеңеш доорунда белгиленген боюнча аскерде милдет өтөө мөөнөтү эки жыл бойдон калган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17