Аймак

HRW КАЗАК БИЙЛИГИН АЯЛДАРДЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН КОРГООГО ЧАКЫРДЫ

HRW КАЗАК БИЙЛИГИН АЯЛДАРДЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН КОРГООГО ЧАКЫРДЫ

 1,010 Бардыгы /

“Human Rights Watch” эл аралык укук коргоо уюму Нур-Султанды үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүгө үндөдү.

Уюмдун 17-октябрда жарыяланган иликтөөсүндө Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар жетиштүү деңгээлде корголбогону жана сот адилеттүүлүгү менен камсыздалбаганы айтылат.

“Human Rights Watch” казак өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулукту өзүнчө кылмыш катары эсептеген берене киргизиши керек деп эсептейт.

“Казакстандагы аялдар зомбулуксуз, ыдыксыз жашоого укуктуу. Бийлик жапа чеккендердин коопсуздугун камсыздоого жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тийиш”, – деди уюмдун иликтөөчүсү Виктория Ким.

2017-жылы Казакстан “токмоктоо жана ден соолукка жеңил зыян келтирүүнү” кылмыш жоопкерчилигинен административдик чарага которгон. Ага чейин үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн айыпка жыгуу жана эки айга чейин камоо каралган. Учурда административдик айып пулдун көлөмү бир нече эсеге азайган жана камоо мөөнөтү 20 суткадан ашпайт.

Казак бийлигинин маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук 2015- жылга караганда 104 пайызга өскөн.

Ал эми “Кризис борборлорунун биримдиги” ар бир сегизинчи үй-бүлөдө аялдар жакындарынан кордук көрөт деп билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17