Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР ПАХТА ТЕРҮҮНҮ УЛАНТУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР ПАХТА ТЕРҮҮНҮ УЛАНТУУДА

 828 Бардыгы /

Түркмөнстандын түндүгүндө пахта теримге деңиз портунун кызматкерлери тартылды. Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, Түркмөнбашы эл аралык деңиз портунун кызматкерлери кезмет менен пахта теримге чыгышууда.

Пахта кезмети 10 күнгө созулат. Кызматкерлер тамак-аш жана түнөй турган жерлерди өздөрү камдап алышы керек.

Кызматкерлердин айрымдары кадр бөлүмүнө 300 манат (17 доллар) төлөп, пахта теримге чыгышкан жок. Бул портто иштеген жумушчулардын жарым айлыгына тете.

Эл аралык коомчулуктун сынына карабай, Түркмөнстан мажбурлап пахта терүү тажырыйбасынан баш тарта элек. Пахта терим өлкөдө катуу көзөмөл менен өтөт, быйыл 1 миллион 50 миң тонна ак була чогултуу пландалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17