Аймак

ОШТО ЖАШ АСКЕРЛЕР АНТ БЕРИШТИ

ОШТО ЖАШ АСКЕРЛЕР АНТ БЕРИШТИ

 1,088 Бардыгы /

ОШ. Кыргыз чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгында аскерге жаңыдан чакырылышкан жаш аскерлер ант беришти. Буга улай алар аскердик кызматтын олуттуу жагдайларын дагы үйрөнүштү.

– Чек арада кызмат өтөөнү ар кимдин эле тагдырына буюрган эмес! Анткени, бул аймактарда кызмат өтөө – ардактуу жана абдан жооптуу вазийпа. Анткени, силер Кыргызстандын бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап турасыңар. Ошондуктан, бул милдетиңерди абийбирдүү аткарасыңар деген терең ишеничтемин! – деди Кыргыз Чекара кызматынын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси, полковник Ильгиз Талипов.

Баса, жаш чекарачылардын аскердик ант берүү аземине Кыргыз Чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгынын жетекчилиги, Ош шаарынын күч органдарынын кызматкерлери, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын атайын өкүлдөрү, чекарачы ардагерлер жана жоокерлердин ата-энелери катышышты.

Ант беришкен жоокерлер мындан ары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы аскердик бөлүктөргө жөнөтүлүп, ошол жактарда кызматтарын өтөөнү улантышмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17