Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,825 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 18-октябрь күнү калаа мэриясында өткөн кезектеги коллегиялык жыйында Жалал-Абад шаарынын 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык, жергиликтүү өнөр жай жана курулуш тармактарында аткарылган жумуштардын жыйынтыгы чыгарылды. Коллегияны шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жетектеп, калаанын бир катар тармактарында өсүү бар экенин айтты. Бирок ошол эле учурда орун алып жаткан кемчиликтерди да баса белгиледи. Алсак, […]
1,826 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 18-октябрь күнү калаа мэриясында өткөн кезектеги коллегиялык жыйында Жалал-Абад шаарынын 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык, жергиликтүү өнөр жай жана курулуш тармактарында аткарылган жумуштардын жыйынтыгы чыгарылды. Коллегияны шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жетектеп, калаанын бир катар тармактарында өсүү бар экенин айтты. Бирок ошол эле учурда орун алып жаткан кемчиликтерди да баса белгиледи. Алсак, […]
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
18.10.2019 / Автор anarkan_kg1,827 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 18-октябрь күнү калаа мэриясында өткөн кезектеги коллегиялык жыйында Жалал-Абад шаарынын 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык, жергиликтүү өнөр жай жана курулуш тармактарында аткарылган жумуштардын жыйынтыгы чыгарылды.
Коллегияны шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жетектеп, калаанын бир катар тармактарында өсүү бар экенин айтты. Бирок ошол эле учурда орун алып жаткан кемчиликтерди да баса белгиледи. Алсак, шаарда өткөн жылга салыштырмалуу төрөт мезгилинде эне жана балдардын өлүмүнүн өскөнү, ар түрдүү жугуштуу оорулардын көбөйүүсү жана бул жылга белгиленген айрым курулуштардын мөөнөтүнүн кечеңдөөсү сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Бул багытта тийиштүү тармактардын жетекчилери тарабынан кетирилген кемчиликтердин келип чыгуу себептери айтылды.
Жалал-Абад шаары үчүн приоритеттүү тармак бул өнөр жай болуп эсептелет. 2019-жылдын январь-сентябрь айында шаар боюнча өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын физикалык көлөмүнүн индекси 103,9 пайыз, ал эми өсүү темпи 96,3 пайызды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 өнөр жай ишканалары тарабынан 156,3 миллион сомдук продукция көп өндүрүлгөн. Аны менен катар шаардын көрсөткүчүн артка тарткан өндүрүштүк мекемелердин да аты аталды. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 9 ай ичинде салык жана салык эмес төлөмдөр боюнча жеткирилген план-тапшырма 584,7 миллион сом болсо, анын аткарылышы 596,2 миллион сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылдын улуш мезгилине салыштырмалуу 49 миллион сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 119,3 пайызды түздү.
Коллегиялык жыйында 2019-жылга пландалып, курулуш тармагында аткарылган жумуштар боюнча маалыматтар берилди. Аны менен катар билим берүү тармагынын ишмердүүлүгү, андагы маселелер, калаанын кышка карата даярдыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы тарабынан аткарылган жумуштар айтылды.
Жыйындын соңунда бир катар тармактарда кетирилген кемчиликтер эске алынып, тийиштүү жетекчилерге эскертүүлөр берилип, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Ага улай жыл жыйынтыгы чыкканга чейин орун алган маселелерди жоюу милдеттендирилди.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
15.02.2024 / Автор anarkan_kg РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН ҮЙҮНӨ АКЫРЫ МӨӨР БАСЫЛДЫ
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg КЫЛМЫШ ТОБУ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТАН 6,5 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЙНАГАН
-
02.03.2024 / Автор anarkan_kg АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КӨРКТӨНДҮРҮҮ БОЮНЧА ҮЧ АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.