Аймак

ТОКТОГУЛ ГЭСинин ИШТӨӨ МӨӨНӨТҮ 35-40 ЖЫЛГА УЗАРАТ

ТОКТОГУЛ ГЭСинин ИШТӨӨ МӨӨНӨТҮ 35-40 ЖЫЛГА УЗАРАТ

 1,680 Бардыгы /

Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи фазасы аяктады. Ага 18-сентябрда өлкө башчысы С.Ш. Жээнбеков катышып, энергетиктер менен жолугушту.

Токтогул ГЭСи 1975-жылдан иштеп баштагандан тартып, жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган. Президент С.Жээнбеков Премьер-министр болуп турган убакта келип, биринчи фазадагы иштерди баштап берген. ГЭСтин биринчи этабын оңдоого Азия өнүктүрүү банкы 15 миллион доллар насыя жана 40 миллион доллар грант бөлгөн.

Өлкөдөгү электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда 90 пайызы, ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт. Анын ичинде Токтогул ГЭСи –  эң ири жана эң маанилүү электр станциясы, бул станциянын өлкөбүз үчүн мааниси зор. Өлкөдөгү бардык электр станциялары чыгарган энергиянын 40 пайызы ушул жерден иштелип чыгат. Анын кубаттуулугу 1 200 МВтты түзөт.  Бир жылда 6 млрд. килоВатт саатка жакын энергия чыгарат.  2017-жылдын май айында премьер-министр болуп турган убакта биринчи фазадагы иштерди баштап бергенмин. Бүгүн анын жыйынтыкталышына да катышып отурам. Долбоордун биринчи фазасы ийгиликтүү аякташы менен ГЭСти жыл сайын оңдоп-түзөө иштеринин учурундагы чыгымдар жана башка эксплуатациялык чыгымдар олуттуу түрдө азаят. Кудай буйруса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Токтогул ГЭСи толук оңдоодон өтсө электр энергиясын өндүрүү 20% көбөйөт. Анткени жыл сайын керектөө 10,5% көбөйүп жатканы байкалат. Ошондуктан бизде ГЭСтерди жаңылоо зарылчылыгы жаралууда. Биринчи фазага каралган каражатты үнөмдөө менен 10 млн. долларды Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого бөлдүк. САSA 1000 долбоору аркылуу биз Чыгыш Азияга жана Кытайга экспортёр катары чыгабыз деп пландап жатабыз, – деди Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, мамлекет башчы ГЭС менен таанышуу учурунда, мекеменин кесиптик жамааты менен да учурашып, энергетика тармагындагы бир топ кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат. Жалпы баасы 415 миллион доллар деп эсептелген. Бул каражат Азия өнүктүрүү банкынан жана Евразия өнүктүрүү банкынан насыя иретинде алынган. Биринчи этабын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталган. Биринчи фазада ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар – күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылган. Мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулду.

Ал эми долбоордун экинчи жана үчүнчү фазаларында станциянын төрт гидроагрегаты тең кезеги менен алмаштырылат. Жалпы суммасы 320 млн. АКШ долларын түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат. Азыркы учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат жана жабдууну жасоо иши башталды. Гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктайт. Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт. Бул долбоор – Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар десек болот.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17