Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи: СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи: СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

 988 Бардыгы /

Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия Колледжинде студенттер менен ШИИБдин кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата, милиция тарабынан демилгеленген иш-чарага Майлуу-Суу ШИИБдин жетекчилиги, шаардын имамы, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, активдүү студенттер жана мугалимдер катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз милициясынын тарыхы жана бул убакыттар аралыгындагы басып өткөн жолу тууралуу маалыматтар берилди. Мындан сырткары студенттер менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын конференция өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери жаштарды мекенчилдикке чакырып, ар кандай кылмыш-кырсыктардан алыс болуп, татыктуу билим алууга үндөдү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17