Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МУФТИЯТТЫ СЫНДАГАН ЭКИ БЛОГЕР СОТТОЛДУ

ӨЗБЕКСТАНДА МУФТИЯТТЫ СЫНДАГАН ЭКИ БЛОГЕР СОТТОЛДУ

 840 Бардыгы /

18-октябрда Ташкент шаардык соту хиджаб маселесин козгогон блогерлер Рустамбек Каримов менен Тулкин Астановго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Соттунун маалымат кызматы кабарлады.

Өкүмгө ылайык, Рустамбек Каримов “коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды сактоо жана жарыялоо” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, жалпысынан 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды. Ал жазасын жатак абакта өтөйт.

Тулкин Астанов да ушул эле берене боюнча айыптуу деп табылып, шарттуу түрдө 5 жылга кесилди.

Быйыл 8-апрелде Рустамбек Каримов менен Тулкин Астанов “Фейсбуктагы” баракчаларына түз эфирге чыгып, Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгына барышканын билдиришкен. Алар хиджабга тыюу салууга каршы чыгып жана адал-продукциялар боюнча өз позицияларын билдиришкен. Ошол эле күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери аларды кармап кеткени кабарланган.

Рустамбек Каримов менен Тулкин Астанов социалдык түйүндөр аркылуу муфтиятты сындап, белгилүү өзбек дин ишмерлеринин карикатураларын жарыялап турушкан. Блогерлер Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы мусулмандардын укугун тиешелүү деңгээлде коргобойт деп эсептешет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17