Аймак

ӨЗБЕКСТАНДЫК УКУК КОРГООЧУ ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДЫК УКУК КОРГООЧУ ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

 796 Бардыгы /

Казакстанда жашаган өзбекстандык качкын Виктория Баженова Психикалык саламаттык борборуна жаткырылды.

Виктория Алматыдагы Ардагерлер үйүндөгү укук бузуулар тууралуу ютуб-каналына видеолорду жүктөп турган.

Укук коргоочунун казакстандык кесиптештери Баженова кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу психиатриялык клиникага жаткырылды деп эсептешет. Алардын айтымында, Ардагерлер үйүндө жашаган карылар укук коргоочуга уруп-согуулар, антисанитардык абал тууралуу даттанып турушкан.

Баженова 2005-жылдагы Анжиян окуясына эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылган укук коргоочулардын бири. Ал 2014-жылы Казакстанда качкын макамын алган. Бирок Казакстанда качкындар үчүн социалдык же каржылык кепилдиктер жок. Буга байланыштуу ал акыркы жылдары 85 жаштагы апасы менен чогуу Ардагерлер үйүндө жашаган.

Ардагерлер үйүнүн директорунун орун басары Римма Кулбаева Баженова көп учурда ыксыз даттанарын, жергиликтүү социалдык кызматкерлерге каршы 2500 жолу арыз жазганын билдирди.

Анын айтымында, акыркы жолу Баженова пенсионерлердин бири менен чатакташып кеткен. Ардагерлер үйүнүн кызматкерлери аны тынчтандыра алышкан эмес, буга байланыштуу “тез жардам” чакырышкан.

Психикалык саламаттык борборунун жетекчилиги Баженов бир нече күн дарылана турганын гана маалымдады. Укук коргоочулар Баженованын мыйзамсыз түрдө ооруканага жаткырылганы аныкталса, сотко кайрыларын билдиришүүдө.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17