Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН АРКАСЫНА ЖАҢЫ ТҮС БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН АРКАСЫНА ЖАҢЫ ТҮС БЕРИЛДИ

 1,347 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын кире бериш аркасынын оңдоп түзөөдөн кийинки ачылуу аземин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Ырыс Айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Халилов билдирди.

Үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад аркасы 7 миллион 894 миң 650 сомго реконструкциялоо иштери башталган. Мындай демилгени өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев көтөрүп, областтык өнүктүрүү фондунан 14 миллион сом каражат бөлүнгөн.

4 айга созулган оңдоп түзөө иштери соңуна чыкты. Андыктан арканын мурдагы жана жаңыртылгандан кийинки салыштырма сүрөттөрүн жарыяладык.

“Негизги долбоор боюнча этно парк курулушу керек эле. Биз 24 миллион сомдук долбоорду областык өнүктүрүү фондуна сунуштаганыбызда алар каражат жетишсиздиги менен түшүндүрүп, быйылкы жылы реконструкция иштери гана жүрдү. Буюрса келерки жылдан этно парк куруу аркеттерин да баштайбыз” дейт Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Халилов.

Роза Акматжан кызы “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17