Аймак

ПРЕЗИДЕНТ С.ЖЭЭНБЕКОВ ЖАПОНИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРИ МЕНЕН  ЖОЛУГУШТУ

ПРЕЗИДЕНТ С.ЖЭЭНБЕКОВ ЖАПОНИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРИ МЕНЕН  ЖОЛУГУШТУ

 917 Бардыгы /

ТОКИО. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жапонияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында мекендештери менен дагы жолугушту.

Мамлекет башчысы кийин Кыргызстанда колдонуу үчүн Жапониянын эң жакшы жактарын үйрөнүүгө умтулушкан мекендештери менен жолугушуп жатканына кубанычта экендигин жашырган жок. Президент Жапония Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгынжалпы жардамдын суммасы 1 миллиард АКШ долларынан ашуун каражатты түзөндүгүн, Жапон жардамынын бөлүнгөн каражаттарынын жарымы грант түрүндө экендигин эске салды.

– Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Жапония менен кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө абдан кызыкдарБиздагы экитараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү гана каалайбыз. Мени биздин жаштардын Жапониянын алдыңкы технологияларынжапон тилин,тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырат. Жапониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонууилимбилим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан эле маанилүү, деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан ары мамлекет башчысы Кыргыз тарап Жапон Өкмөтүнүн кадрлардын адистигин жогорулатуудагы жардамын жогору баалагандыгын, Жапонияга Кыргызстандан жыл сайын мамлекеттик жанамуниципалдык кызматкерлер окууга келип жаткандыгын баса белгиледи. Президент аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, жемкорлук менен күрөшүү, сотукуктук реформасы, өлкөнүн экспорттук дараметин колдоо чаралары боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө дагы айтып берди. Мамлекет башчысы менен баарлашууда мекендештер Жапониядагы жашоо-турмушу жана келечек пландары тууралуу кеңири баяндашты. Алар Жапониянын жогорку окуу жайларында стипендиялык программаларга берилүүчү орундарды көбөйтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле кыргызстандыктардын Жапонияда алган билимин, тажырыйбасын мекенинде кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча каалоотилектерин ачыкташты.

Жолугушууда Кыргызстанды өнүктүрүү, жарандардын бул жараянга катышуусу, улуттук экономикадагы кичи жана орто ишкердиктин орду  жана башка маселелер боюнча пикир алышуу жүрдү. Сооронбай Жээнбеков мекендештер мекенине кайтып келгенден кийин алган билимин, тажрыйбасын мамлекеттик органдардын ишмердигин жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртууга колдонот деген терең ишенимин билдирди.

– Келечек билимдүү, жаш кыргызстандыктардыкы. Буга чейин Жапонияда түрдүү  Программалар аркылуу билим алгандар өлкөбүздү өнүктүрүүгө салмактуу салымын кошуп, өздөрү иштеп жаткан  тармактарды  өзгөртүүгө  даярдыгын айгинелешүүдө. Сиздер дагы алдыга койгон максаттарга жетип, өлкөбүздүн бакубатчылыгы үчүн өз дараметиңиздерди колдонуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр менен Кыргызстанга кайтып келесиздер деп терең ишенем!деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17