Аймак

АКЫН-ЖАЗУУЧУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫ

АКЫН-ЖАЗУУЧУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫ

 1,746 Бардыгы /

Турсунбай Адашбаев белгилүү өзбек-кыргыз акыны, котормочу жана коомдук ишмер, кыргызчадан өзбекчеге, өзбекчеден кыргызчага арбын китептерди маанисинен да, уйкаштыгынан да жаңылбай түп нускасынан да ашыра которгон эки элдин ортосундагы алтын көпүрө эле. Өзү 1939-жылы 1-январда Ала-Бука районундагы Мазар (Гүлстан) айылында колхозчунун үй-бүлөсүндөжарыкка келген. 1957-жылы айылындагы «Кызыл» орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Ал убакта билимге кызыккан адамдар абдан көп эле. Окуп билим алайын дегендер арбын болчу. Адашбаев билимге кызыгып күнү-түнү тынбай окуп 1963-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.  1973-77-жылдары Ош облустук радиосунда башкы редактору болуп иштеген. Аракет кылсаң берекет деп, кыргыз жана өзбек тилинде эркин жазган акын чыгармачылык менен иштеп, бир топ ыр-аңгемелерди жазып жүрүп, 1957-жылы алгачкы чыгармалары жарык көрө баштаган.  Анын алгачкы туңгуч ыр китеби 1964-жылы «Камалдын алмасы» аттуу ат менен өзбек тилинде жарык көргөн, арадан 8 жыл өтүп 1972-жылы «Ала-Тоолук боломун» деген китеби кыргызча чыккан.  Акын, котормочу, коомдук ишмер Турсунбай Адашбаев котормо жанрында талыкпай белсенип иштеп, кыргыз-орус акын-жазуучуларынын 40ка жакын чыгармаларын, Токтогулдун, Тоголок Молдонун, К.Чуковскийдин, С.Маршактын, С.Эралиевдин, С.Жусуевдин, Ж.Мавляновдун чыгармаларын өзбекчеге которгон. Алардын арасында кыргызды кыргыз кылган, айкөл атабыз Манас эпосун кара сөз баянын, баарыбызга белгилүү Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч»  романын да которгон. Которуп гана тим болбостон коомдук иште да активдүү катышкан Адашбаев кыргыз жана өзбек элдеринин боордоштугун чыңдоодо данакерлик кызматты ырааттууаркалаган.

1965-жылы КПССтин мүчөсү болгон, бир жыл өтүп эле СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. Кыргызча чыгармаларды өзбекчеге которгону үчүн анын дарегине далай жылуу сөздөр айтылган, азыр да айтылып келет. Талыкпаган эмгектин артында зор сый, эчен сыйлыктарды багындырды. 1993-жылы Өзбекстан элге билим берүү мыктысы аталып, 1999-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамыналды. Ошого удаа эле Өзбекстандын «Достук» ордени менен сыйланып, 1995-жылы Кыргызстандын «Манас орденин алган. Которуп эле койбостон адабият жаатында тынбай иштеп, бир топ ырларды кыргызча-өзбекче жазаган.

Быйыл Ала-Бука районундагы Софед-Булон айылындагы маданият сарайында эскерүү кечеси өткөрүлдү. Салтанатка анын калемдештери, акын-жазуучу Абдымомун Калбаев,  Ош мамлекеттик өзбек драма театрынын көркөм жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Равшанбек Турсунов, Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев, жана жоро-жолдоштору,  айылдаштары, кесиптештери жана жергиликтүү эл катышты. Турсунбай Адашбаевдин 80 жылдык эскерүү кечесин Октябрь орто мектебинин окуучулары Турсунбай Адашбаевдин жаштыгындагы көз ирмемдерин элге көрсөтүшүп, анын калеминен жаралган ырларын көркөм окушуп, ыр-бийдин коштоосунда кечени шаңга бөлөштү.  Эскерүү кечесине келген коноктор, айрымдары акын-жазуучуну эстеп көздөрүнө жаш алышты, анткен менен кайра кайрып бербейт тура өмүрүн. Элге ак кызмат кылып, Турсунбай Адашбаевдин жолун жолдоп чыгармачыл инсан болгусу келген мектеп окуучулары да жок эмес. Эмгегин барктап, жыл сайын эскерүү кечесин өткөрүп, чыгармаларын эскиртпей улам жаңы муунга окутуп, тааныштырып, өзү өтсө да атын өчүрбөй кылым карыталы деген ойду келген коноктордун баары колдоду. Талантын даңазалап, даңктап, Адашбаевдин жолун жолдоп, эки элдин ортосундагы ынтымакты дагы да чыңдап, чыгармачылык менен талыкпай алектенген таланттуу жаштар көбөйсө эки элдин ынтымагы дагы чыңдайт. Эки элдин ортосундагы көпүрө болсо, анын убайын эли журтукөрөт.  Анын акындык калем сабынан жаралган ырлар, чыгарма-аңгемелери менен бекем курган. Анын негизгиси кыргызчадан өзбекчеге, өзбекчеден кыргызчага которулган чыгармаларында. Чыгармаларын, ырларын эскиртпей окуп, такылдатып жатка билсек, акындын ысымы өчпөй кылымдарды карыта берет. Саамалыктын аягына чыгаарда акын жандуу, ыр жазган инсандар агайга арнап өздөрүнүн калеминен жараткан ырларын ыр десте кылып сунушту.

АКЫН АГАМА

Агайым мыкты билген билим жолун,

Жардамга дайым сунуп турчу колун.

Сиздейлер кылымда бир жаралышат,

Көркүңө көрк кошкон бул узун боюң.

 

Мекенин жердегенсиң таланттардын,

Сыялап эчен китеп барактарын.

Билимдин кенин казып күнү-түнү,

Коробой өмүр өтүп баратканын.

 

Билимге үндөп келдиң эчен жанды,

Илимдин докторлору анын алды.

Тек гана ийгилик каалап турчу,

Агайым сиздей мыкты инсан барбы.

 

Достугун чыңдап келдиң эки элдин,

Суусуну ичип келдиң эки жердин.

Устаты ынтымактын өзүң элең,

Аларды мурас кылып бизге бердиң.

 

Кыргызды кыргыз кылган Манас бабам,

Өзбекче кара сөз жаздың улуу баян.

Дагы бар айта кетчү котормолор,

«Сынган кылыч» белгилүү чоң роман.

 

Узун тарых, бир том китеп сөздөр бар,

Анын баарын айтыш үчүн убакыт тар.

Кабыл алчы толбосо да көңүгө,

Чындыгында ырларымда ката бар.

Асылгүл СУЛТАН кызы, Аксы району, Кербен шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17