Аймак

«БИР ДҮЙНӨ – КЫРГЫЗСТАН 2019» ФЕСТИВАЛЫ БАЛДАР УКУКТАРЫН КОРГОО ТЕМАСЫНА АРНАЛАТ

«БИР ДҮЙНӨ – КЫРГЫЗСТАН 2019» ФЕСТИВАЛЫ БАЛДАР УКУКТАРЫН КОРГОО ТЕМАСЫНА АРНАЛАТ

 903 Бардыгы /

Быйыл «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюму тарабынан уюштурулуп келген документалдык тасмалардын фестивалы балдар укуктарын коргоо темасына арналат. Бул тууралуу фестивалдын аткаруучу директору Райхан Абдрайимова билдирди.

Анын айтымында, 11-15-ноябрь күндөрү өтө турган фестивалда балдардын укуктарын чагылдырган 20дан ашык документалдык тасма ат салышат. Мындан тышкары фестивалдын алкагында балдардын укуктарын коргоо маселесине арналган 15 семинар өткөрүлөт.

12 жылдан бери уюштурулуп келаткан бул фестивалда жалпысынан 450дөн ашык документалдык тасма көрсөтүлдү. Жыл сайын анын программасы адам укуктарын коргоо боюнча темалардын бирине арналат.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17