Аймак

ЭАУда ЭКСТРЕМИЗМДИН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯЛАР ОКУЛДУ

ЭАУда ЭКСТРЕМИЗМДИН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯЛАР ОКУЛДУ

 865 Бардыгы /

24-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттинде  КРдин Ички иштер министрлигинин кызматкерлери “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү жана алардын Кыргыз Республикасындагы аракеттеринин алдын алуу” темасында лекция өткөрүштү.

Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынан билдиришти.

Лекция КРдин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын оперативдик кызматкери, милициянын лейтенанты М.Ж. Карабаев тарабынан өтүлдү.

Аталган лекцияга ЭАУнун юриспруденция кафедрасынын окутуучулары жана ЭАУнун “Юриспруденция” багыты боюнча студенттери, о.э. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча студенттери катышты. Лекция темасынын мазмуну боюнча абдан кызыктуу болуп, бир топ видео-фото материалдар көрсөтүлдү.

ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы ар дайым укук коргоо органдары менен кызматташууга жана жаштардын укуктук тарбиясына олуттуу көңүл бурушат. Мындай иш-чараларды өткөрүү ЭАУнун Уюштуруу-тарбия иштеринин комплекстүү планында каралган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17