Аймак

БАТКЕНДЕ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЙЛҮҮ БОЛУШТУ

БАТКЕНДЕ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЙЛҮҮ БОЛУШТУ

 1,189 Бардыгы /

БАТКЕН.   Кыргызстандын Башкы прокурору  Өткүрбек Жамшитов Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлерине Баткен шаарындагы үч кабаттуу үйдүн 24 батиринин ачкычын тапшырды.

Буга улай Сүлүктү шаардык прокуратурасынын кызматкерлерине дагы үч бөлмөлүү бир батир жана эки бөлмөлүү эки батир тартууланды. Ал эми Лейлек районундагы көзөмөл органында иштеп жатышкан беш үй-бүлө эки кабаттуу тамга жайгашышты.

Ошентип, Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттин эсебинен 43 милион сом ажыратылган эле. А курулуш иштери былтыр башталган.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17