Аймак

ТАШ-КӨМҮРДӨ ОКУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ТАШ-КӨМҮРДӨ ОКУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 847 Бардыгы /

Таш-Көмүр ШИИБнин кызматкерлери тарабынан 9-22-октябрь күндөрүнүн аралыгында жаштар арасындагы кылмыштуулукту, өзүн өзү өлтүрүү, топтошуп мушташуу жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага УКМК кызматкерлери шаардын имамы, мэрия, билим берүү бөлүмүнүн адистери катышышты. Мектеп окуучулары жана колледж студенттери менен жолугушуулар уюштурулуп, алар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Милиция кызматкерлери ар бир окуу мекемелеринде болгон жыйындарда жаштарды мекенчилдикке, ар кандай кылмыштуулуктан алыс болууга үндөшүп, татыктуу билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17