Аймак

ДОЛОН АТА

ДОЛОН АТА

 3,304 Бардыгы /

Бурмаланган Кыргыз тарыхы, Кыргыз санжырасы жаңыдан кайра жаралууга муктаж?

Мындай көз карашты айткандардын жана жазгандардын ичинен мен биринчиси дагы, акыркысы дагы болбосом керек?

Биз кыргыздар башынан эле бурмаланган тарыхыбызды окуп, адашкан багытта таңууланган (жалган) санжыранын негизинде санжыра сүрүштүрүп келет экенбиз.

Акыркы мезгилдерде жалгандан жаралган санжыралар, жалган маалыматтар көбөйүп тарыхыбыздын боткосу чыгып калды.

Ушундай жол менен бара берсек келечек муундарыбызга ырыстуу бир нерсе калтыра албайбыз.

Тарыхыбызды бурмалоо же адашуу негизинен Долон ата, түрк жана Угусхан түшүнүктөрүндө орун алган.

Мында, Долон ата гана жашап өткөн тарыхый инсан. Ал эми Түрк түшүнүгү Хангар тоосунун (жердин) атына байланыштуу келип чыккан аталыш. Жөнөкөй сөз менен айтканда нарындык, оштук, алайлык, таластык дегендей эле түшүнүк.

Бул деген түрк ысымда жашап өткөн тарыхый инсан болгон эмес дегенди тушүндүрөт. Байыркы мезгилдерде Хангар жеринен Алдыңкы Азияга, Европа тарапка көчүп өткөн эл башкача айтканда кыргыздын урпактары дүйнө элине Хангарлар-түрк эли аталышта белгилүү болушкан. Ошол түрк аталыштагы эл кыргыздын Канды уруусунан тарагандар.

Хангар сөзү бузулуп жазылуудан, балким атайын бурмалоодон жер аты Кангайга, эл, уруунун аталышы Кандыга айланган. Ал эми “Угус” жана Угус хан сөздөрү белгилүү бир тарыхый адамдын ысымын туюндурбайт, ал “Көп уруу”, “Көп уруунун ханы” деген маанидеги кырк уруулу Кыргыз элине байланыштуу келип чыккан түшүнүк.

Кыргыз санжырасы “Чу” деген эле жерден б.з X||| кылымынан Долон ата, андан Ак уул- “оң канат”, Ку уул- “сол канат”, Кызыл уул- “ичкилик” деп алардан кыргыздын урууларын таратып жалган маалыматтан башталат. Мындай генеалогиялык схеманын логикасы жок. Себеби бул схемада Кыргыздын аты эле эмес жыты дагы жыттанбайт.

Андай дегеним, Долон ата Кыргыз эмес, ал Кыргыз жана Кытай элдеринин эң жогорку түпкү аталарынан. Түпкү Кыргыз хан ата (кытай тилиндеги ысымы ичжини нышыду ы.а)  Долон атадан ондогон кылым кийин дүйнөгө келген.

Ал эми Ак уул, Ку уул, Кызыл уул, Абыл жана башка аталар түпкү кыргыздын балдары. Элдик уламыштарда деле Долон ата түпкү ата катары айтылат.

Долон атанын тарыхта ээлеген оорду б.з X||| кылымында эмес, б.з.ч. Эне-Сай доорунда жашап өткөн, Кытай жазма тарыхына түшкөн “Гэ-Гун”, ” Цзянь-Гун”, “Кюеше”, “Канглы”, “Усун”, “Тэлэ”, хунндар, гундар ж.б. аталыштардагы кыргыздарды кайда катабыз.

Кыргыз байыркы Улуу эл болгон деп кантип айтабыз.

Долон ашуубузду Долон атанын ысымына байланыштырган кабар жана Ак уулду оң бөйрөктөн, Ку уулду сол бөйрөктөн орун берип жараткан маалыматтар караманга калп.

Долон ашуусу Калмактарга байланыштуу б.з.Xlll кылымынан бир топ кийин пайда болгон аталыш.

Ал ашууда түтөгүп өлгөн калмактардын Долон же Даланге деген кол башчысынын сөөгү жатат. Балким ал Курманбек баатырды сайган Долон болушу ыктымал?

Балыкчы шаарынын  тургуну, немец улутунан Федор Ерлих аксакал айдоочулардын арасынды, Долон ашуусунда калмактардын башчысы Доланге дегени түтөгүп өлгөн, ошонун ысымынан Долон ашуусу аталган деген уламыш бар экенин  айткан.

Курманбек баатырдын күмбөзү турган айылдын Калмак-Кырчын  аталышы, Кыргызстан жериндеги эки бел Калмак-Ашуу аталышы, Макмал жайлоосу Калмактын  кызынын атынан коюлушу, Шырдакбек менен калмактар тууралуу уламыш, мурдагы Дөрбөлжүн калмакча аталыш экендигин эске алсак  Долон ашуусунун аталышы калмактарга байланыштуу экендиги эч кимди таң калтырбайт.

Байыркы Долон атанын ээлиги б.а.жашап өткөн  жери Алтай тоосунун түндүк капталы деп айтылат кытай жазмасында.

Кыргызды б.з. Xlll кылымда, Долон атадан деп чийим (схема) түзгөн  алгачкы автор, азыркы кыргыз элин калмактардан тараткандай сезим калтырат.

                      Долон атанын тарыхтагы орду.

Долон  ата  Нух (а.с) пайгамбардын небереси. Мындай маалымат мурдагы жана кийинки жазмаларда кездешпейт.

                        Бул жаңы көз караш!

Санжыраларда, уламыштарда Жапастын бир уулунун ысымы Түрк болгон деп айтылат.

Долон ата ошол Түрктүн ордун ээлейт, б.а Долон ата Жапастын уулу.

Окумуштуу тарых изилдөөчүлөрдүн арасынан бир гана Н.А Аристов тарабынан  Долон ата Кыргыздын эң жогорку түпкү аталарынан  экендигин табууга багыт берген.

Н.А.Аристовтун:-” Усундар жана  Кыргыздар же Кара Кыргыздар ” аталыштагы  эмгегинде:-  “Вей династиясынын” тарыхына  кирген Түкиюе ( хунндар Ку уул тукумдары Ы.А) аталыштагы элдин уламышында праотец народа тюркского ( кыргызского Ы.А) был родом из владения “Со” , во владении “Со” нельзя не узнать северный  склон Алтая”- деп жазган. Н.А.Аристов ( китептин 139-бети).

  “Со” деген сөз Сагай элинде ” Боярышник” дарагын түшүндүрөт деп Н.А.Аристов белгилеген ( китептин 1398-бети).

Орус тилиндеги Боярышник сөзүн Кыргыз тилибизге которгондо Долоно дарагы түшүнүгү келип чыгат. Демек, бул маалымат факт катары “Со” ээлигинин  башчысынын ысымы Долон ата экендигин  далилдейт.

    Кыргызда ” Кудай урган  оңолот, арбак урган оңолбойт ” деген макалыбыз бар.

Качанкыга чейин ” Написанного пером не вырубить топором ” деген макалдан үркүп, бирөөлөр жазып койгон жалганды оңдой албай, Кыргызды туюнткан кошумча “Угус” жана “Түрк” терминдерди легендарлуу аталарга айлантып , өзүбүздүн түпкү атабыз Кыргызды тарыхта ээлеген орду менен айта албай “арбактарыбызды” нааразы кылып жүрө беребиз?

Угус хан байыркы тилибизде “Көп уруунун ханы ” деген маанидеги түпкү Кыргыз атабыздын бийлик  даражасы.

Түрк-Хангар тоосунун ( жердин) аталышынан келип чыккан түшүнүк. Түрк элдери түпкү Кыргыздын урпактары !

                                           

 

Ырысбек АКУМБАЕВ, Көк-Арт өрөөнү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17