Аймак

БИР БАЛА БАГЫП АЛСА, АЙЫНА 5 МИҢ СОМ ТӨЛӨНӨТ

БИР БАЛА БАГЫП АЛСА, АЙЫНА 5 МИҢ СОМ ТӨЛӨНӨТ

 2,767 Бардыгы /

Фостердик үй-бүлө деген эмне? Жалпак тил менен айтканда убактылуу ата-эне статусун алуучулар. Эмгек жана социалдык өнктүрүү министрлиги фостердик үй-бүлөлөрду көбөйтүү аракетинде. Кароосуз калган балдарды убактылуу багып беребиз деген үй-бүлөлөр алгач окуудан өтүп, сертификат алышы керек.

Жалал-Абад шаарында эми гана 2 үй-бүлө сертификат алууга жетишүүдө. Ал эми Базар-Коргон районунда 6 үй-бүлө алда качан сертификат алышкан, бирок аларга багууга берилүүчү балдар район аймагында жок болууда.

-“Кароосуз калган балдарды биз балдар үйлөрүнө берип жатпайбызбы. Бирок ал жерде балдар “отур, тур, жат” деген түшүнүктөр менен гана чоңоюп калат. Жөнөкөй эле үй жумуштары, огород кылуу, помидор, картошка кантип өсөт  жана башка ушул сыяктуу нерселерди билбей калышы мүмкүн. Коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөр аракечтик, түнкү көпөлөктөр, кылмыштуулук булардын баары турмуштук ор кырдаалга кириптер болгондор тарабынан жасалып жатат.  Мына ушулар үй-бүлөдөгү мээримдин, тарбиянын жетишсиздигинен келип чыгып жатпайбы. Ошондуктан да, кароосуз калган балдарга фостердик үй-бүлө абдан керек” -дейт Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова.

Фостердик үй-бүлө – кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрү карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен ата-энелердин да балдарын карайт. Бирок толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.

Багылган ар бир бала үчүн мамлекеттен айына 5 миң сомдон төлөнөт. Бир үй-бүлө 3 төн 5 ке чейин бала багып алса болот.

Убактылуу ата-эне статусун алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

— арыз;

— жубайлардын паспортунун көчүрмөсү;

— никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк;

— жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);

— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

— жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга укугун ырастоочу документ;

— соттолбогондугу тууралуу ички иштер органдарынын маалымкаты;

— баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө маалымкат;

— өкмөт тарабынан аныкталган тизмеге ылайык, оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;

— иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

— арыз ээлеринин толук өмүр баяны;

— аз дегенде үч кишиден кепилдик берилген жазуу жүзүндөгү сунуштар.

Убактылуу ата-эне статусун алам дегендер жер-жерлердеги эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыыктарына кайрылса болот.

Эске сала кетсек, балдар кароого алынгандан кийин социалдык кызматкерлер тарабынан жашоо-шарты ай сайын текшерилип турат. Ал эми баланы биротоло багып алам десе, анда мамлекет тарабынан маяна төлөнбөйт жана бала үй-бүлөгө толук көнүп кеткенден кийин социалдык кызматкерлер барып текшербейт, сырттан гана көзөмөлдөп турушат.

Роза Акматжан кызы “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17