Аймак

AMNESTY INTERNATIONAL БЛОГЕР ОЛЛАШУКУРОВАНЫ БОШОТУУ ӨНӨКТҮГҮН БАШТАДЫ

AMNESTY INTERNATIONAL БЛОГЕР ОЛЛАШУКУРОВАНЫ БОШОТУУ ӨНӨКТҮГҮН БАШТАДЫ

 636 Бардыгы /

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму сентябрдын аягында психиатриялык клиникага мажбурлап жаткырылган өзбекстандык блогер Нафосат Оллашукурованы бошотуу өнөктүгүн баштады.

Анын алкагында уюмдун тарапташтары менен активисттер өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин атына жолдонгон петицияга кол топтоп жатышат.

— Өзбек бийлиги буга чейин да укук коргоочулар менен журналисттерди мажбурлап психиатриялык дарылануудан өткөрүп келген. Акыркы 20 жылдан бери укук коргоочу Елена Урлаева бир нече жолу психиатриялык ооруканага жаткырылган. Мындай жол менен анын адам укуктарынын бузулушуна мониторинг кылуу боюнча ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылышкан», – деп жазылган петицияда.

Кайрылуунун авторлору президент Мирзиёевден Нафосат Оллашукурованы тез арада бошотуп, диспансердеги мажбурлап дарылоону токтотууну, ошондой эле анын макулдугу менен зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылышууда.

20-октябрда бир катар эл аралык уюмдар Оллашукурованы колдогон билдирүүлөрдү жасап, өзбек бийлигин аны бошотууга чакырышкан.

21-октябрда өлкөнүн акыйкатчысы башында турган атайын комиссиянын мүчөлөрү Хорезм облустук психоневрологиялык ооруканасына барып, блогер менен жолугуп чыгышкан. Анда комиссиянын курамындагы активист Оллашукурова бир нече жолу оорулуу эмес экенин кайталап, клиникадан чыгарууну өтүнгөнүн билдирген.

​ 23-сентябрда Үргөнч шаарынын административдик соту блогерди «бейбаштык кылган» жана «уруксат берилбеген акцияга катышкан» деп 10 күнгө кескен. Кийин ал психиатриялык ооруканага жаткырылган. Блогер хорезмдик акын, журналист Махмуд Ражабдын Ташкентке жөө жүрүшүн «Фейсбукта» чагылдырып жүргөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17