Аймак

ДУШАНБЕДЕ ҮЙ-БҮЛӨ ООРУЛУУ БАЛДАРЫ МЕНЕН ТАР КОНТЕЙНЕРДЕ ЖАШООГО АРГАСЫЗ

ДУШАНБЕДЕ ҮЙ-БҮЛӨ ООРУЛУУ БАЛДАРЫ МЕНЕН ТАР КОНТЕЙНЕРДЕ ЖАШООГО АРГАСЫЗ

 800 Бардыгы /

Тажикстанда курулуп бүтө элек имараттарда же контейнерлерде жашаган тургундар кыштын келишин тынчсыздануу менен күтүп жатышат.

Өлкөдө калкты турак-жай менен камсыз кылуу — актуалдуу маселелердин бири. Душанбеде турак-жайдын бир чарчы метри 200 доллардан 1200 долларга чейин сатылууда. Мындан улам айрым жарандар тар контейнелерде же курулуп бүтө элек имараттарда жашоого аргасыз.

Алардын бири Гүлнора Олимова күйөөсү жана эки оорулуу баласы менен төрт айдан бери автоунаа жуучу жайдын короосундагы контейнерде жашап келет.

— Мында эч кандай шарт жок. Балдарды сыртта жуунтууга туура келет. Азыр суук боло баштады. Короодо автоунаа жуучу жайдын жумушчулары жүрүшөт, күйөөм да ошол жерде иштейт. Ашыкча сыртка чыгуудан тартынам. Ажааткана дагы короодо жайгашкан, — деди Гүлнора.

Анын айтымында, мындай шарттан улам улуу кызын интернатка окууга жөнөтүүгө аргасыз болгон. Балдарынын бири майып, сүйлөй албайт жана араң басат. Кичүүсүнүн жүрөгү ооруйт.

— Иштеп тапкан акчабыз жашоого араң жетет. Көпчүлүгүн балдарга дары сатып алууга жумшайбыз. Бийлик өкүлдөрүнө жер тилкесин берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок, — деди Олимова.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17