Аймак

ФУТБОЛ: ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ КАМЕРУНДУ ЖЕҢДИ

ФУТБОЛ: ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ КАМЕРУНДУ ЖЕҢДИ

 795 Бардыгы /

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Тажикстандын жаш өспүрүмдөр курамасы (U-17) алгачкы беттешинде Камерун командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

“Е” тобундагы оюн 28-октябрда Бразилиянын Кариасика шаарында өттү.

Оюнда жалгыз голду жарым короочу Шарифбек Рахматов киргизди.

Натыйжада Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси аталган Тажикстан курамасы Африканын чемпиону Камерун командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

“Е” тобундагы биринчи турдун жыйынтыгы менен Тажикстан биринчи орунда келе жатат. Бирден упайы бар Аргентина жана Испания экинчи жана үчүнчү орунда. Камерун курамасы акыркы – төртүнчү орунга жайгашты.

17 жашка чейинки футболчулар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионаты 17-ноябрга чейин созулат. 24 курама команда 6 топко бөлүнгөн. Ар бир топтогу эки мыкты команда жана мыкты көрсөткүчтөгү үчүнчү орунду алган төрт команда дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгат. Тажикстан курамасы Испания, Аргентина жана Камерун менен бирге ”Е” тобунда.

Тажикстан курамасынын акыркы оюну 3-ноябрда өтөт. Алар Аргентина футболчулары менен беттешет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17