Аймак

ТОКТОГУЛДА МАЙРАМДЫК КИЧИ ФУТБОЛ УЮШТУРУЛДУ

ТОКТОГУЛДА МАЙРАМДЫК КИЧИ ФУТБОЛ УЮШТУРУЛДУ

 793 Бардыгы /

“1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине” карата милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, бул ирет Токтогул РИИБнин демилгеси менен – “Тартип, тынчтык, ынтымак жана достук” урааны алдында кичи футбол уюштурулду. Жалпы байге фонду 25 (жыйырма беш) миң сомду түзгөн бул оюнга райондо жайгашкан жергиликтүү 12 мекеме ишканалар арасында командалар күч сынашып, мелдеш жылуу маанайда өткөрүлдү.

Кызыктуу жана күйөрмандардын коштоосунда өткөн мелдештин жыйынтыгында 1-орунду “Каган такси”, 2-орунду “РЭС”, ал эми байгелүү 3-орунду “Бизнес” командалары камсыздашып, спортчулар жана күйөрмандар майрамдык кичи футболдун уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

  

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17